• 86.2
  • 91.48
  • 0.88

Саясат таануучу: Садыр Жапаров принципиалдуу жана прагматик саясатчы катары аброюн тастыктады

Саясат 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн ишмердүүлүгү жана практикалык иштери менен принципиалдуу жана ошол эле учурда прагматик саясатчы катары аброюн тастыктады. Мындай пикирин саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирди.

2024-жылдын январында Садыр Жапаровдун президент болгонуна 3 жыл толду. Буга байланыштуу саясат таануучу статистикалык маалыматтарды келтирбей, 2020-жылдагы жана бүгүнкү күндөгү калктын жан башына туура келген ИДПны салыштырбай, жок эле дегенде Баткен облусундагы айыгышкан кармашты эске сала «эгемендикти сактап калды, өлкөнү ыдыраткан жок» деген тариздегижетишкендиктерди санап отурбай, Кыргызстанда туруктуу жашаган көпчүлүк адамдар үчүн айкын фактыларга жана окуяларга токтолууну чечкен.

Конституциялык реформа

Негизги жетишкендик – бийликтин «топтук жоопкерчиликсиздигинен» аткаруу бийлигинин башчысы катары президенттин жеке жоопкерчилигине өткөнү болду. Мындан тышкары конституциялык реформа унитардык мамлекеттин чектөөлөр жана тең салмактуулук тутумун түзүүгө жана аткаруу бийлигинин жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган.

Улутташтыруу

Бул совет доорунан берки «коркунучтуу» сөз, анткени менен улутташтыруу 19-кылымдан тартып бүгүнкү күнгө чейин бүткүл дүйнөдө, анын ичинде «Чоң сегиздин» өлкөрүндө да колдонулуп келет. Ал тургай, мамлекеттин ишканаларды жана бүтүндөй тармактарды улутташтыруу укугу 1974-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Мамлекеттердин экономикалык укуктары жана милдеттери жөнүндө хартияда бекитилген. Ошондуктан БУУнун терминологиясын колдонуу менен «Кумтөр» алтын кенин мамлекетке кайтарып алуу «максатка ылайыктуу» деген негизде ишке ашкан.

Төмөндө алардын айрымдарына токтолсок:

- коомдук кызыкчылыктарды камсыз кылуу жана сактоо. Улутташтыруу аркылуу мамлекет жеке менчик ээлерине караганда өз элине көбүрөөк пайда алып келет. Буга кошумча коомдун канааттануу деңгээли жогорулайт;

- социалдык саясатты жеңилдетүү (эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу);

- мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо (куралдарды жана аскер жабдыктарын сатып алуу);

- өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон тоо-кен тармагын коргоо. Башка тоо-кен ишканаларын улутташтыруу жана мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү тартипти калыбына келтирип, мамлекеттин кирешесине түшкөн акчалардын көлөмүн арттырды;

- экологиялык саясатты мыйзам талап кылгандай жүргүзүү;

- өзгөчө кырдаалдарда каржылык жана мүлктүк ресурстарга карата мамлекеттин аракеттерин аныктоо.

«Кумтөрдү» улутташтыруунун артыкчылыктары кемчилдиктеринен басымдуулук кылат, мындай учурлар башка бардык өлкөлөрдө деле бар. Бирок жеке менчик ээлеринин учуруна караганда кемчиликтер кыйла аз.

Тышкы байланыштар

Президент Садыр Жапаровдун тышкы саясаты Борбор Азия мамлекеттери, Россия, Кытай, АКШ, Түркия, Европа биримдиги, Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөө максатындагы прагмативдүү жана көп кырдуу багыт катары мүнөздөлөт. Албетте, Кыргызстан жигердүү катышуучусу болуп саналган БУУ, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), КМШ, Түрк мамлекеттеринин уюму (ТМУ) жана башка эл аралык уюмдар жана бирикмелер четте калбайт. Президент С. Жапаровдун бул жааттагы тажрыйбасы жана жеке сапаттары абдан чоң суроо-талапка ээ болуп чыкты. Айтмакчы, ал муну Кыргызстанда өткөн ШКУ, ТМУ, ЕАЭБ, КМШ, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын, Б5+ЕБ форматындагы саммиттерин жана форумдарын уюштуруучу катары жана Бишкекте мамлекет жана өкмөт башчыларын кабыл алууда көрсөттү.

Жаңы дем

Президенттик шайлоого аз калганда Садыр Жапаров буга чейин коомдо олуттуу толкундоолорго алып келген бардык нерседен баш тарта турганын убада кылган. Ошондуктан өлкөдө коррупция жана кылмыштуулукту түп-тамыры менен жок кылуу иш-чаралары жүрүүдө. Бул эки залалдуу көрүнүш эбак шаарларды, айылдарды башкаруунун куралына, бизнес жүргүзүүнүн куралына айланган. Азыр бийлик бул куралды сөз менен эмес, иш жүзүндө «сындырып» жатат. Бул жамандыктардын тамырын кыркуу бир күндүн же бир жылдын иши эмес. Эң негизгиси, өлкө бийлиги сөздөн ишке өттү.

Ал эми бул иштердин натыйжасын ар бир аймактан көрүүгө болот. Мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду куруу тездетилген темп менен жүрүүдө. Эгерде буга чейин борбордо жана эки-үч чоң шаарда гана оңдоо иштери жүргүзүлүп келсе, азыр ар бир ири конушта жолдорго асфальт төшөлүп жатат. Биз талкаланган көчөлөр менен жүргөндү, улам бир чуңкурдан этияттап айдап өтүүэмне экенин унутуп калганбыз.

Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу менен бирге республикада социалдык объектилердин курулушунун бир кыйла өскөнүбайкалууда. Республикабыздын дээрлик бардык райондорунда мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер курулуп жатат. Керектүү каражаттарды табууга мүмкүндүк берген негизги жетишкендиктердин бири салык жана бажы органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу болуп саналат. Белгилүү болгондой, салыктын жаңы түрлөрү киргизилген жок, ал эми коңшу мамлекеттер менен соода жүгүртүү бир аз өзгөрдү.

Бул – коррупцияга каршы күрөштүн негизги натыйжасы. Уурдоо ыңгайсыз болуп калды, демек, чогултуу көрсөткүчтөрү жакшырды. Ал эми бул өз кезегинде мамлекетке социалдык долбоорлорду масштабдуу ишке ашырууга киришүү мүмкүнчүлүгүн берди.

Дагы бир кызыктуу учур. Президент Жапаров социалдык тармактарды жана мессенджерлерди активдүү колдонот. Негизинен булар президенттин «жеке телеграф агенттиктери». Балким бул коопсуздук жагынан алганда таптакыр туура эмес болуп чыгаар, бирок абдан натыйжалуу. Президент кимге эмнени тапшырганын, актуалдуу маселелер боюнча анын позициясы кандай экенин бүтүндөй өлкө билет.

Ошондой эле бүткүл өлкө боюнча акырыбашталган куралдуу күчтөргө жана укук коргоо органдарына тиешелүү физикалык жана моралдык жактан эскирген советтик турак жай фондун, имараттарды жана инфраструктураны жаңылоонубаса белгилей кетүү кажет. Эгерде мамлекет эл алдында ант берген адамдарга шарт түзбөсө, анда алар эртеби-кечпи антын, Ата Мекенге ак кызмат кылууну унутуп, жасакердене баштайт. Демек, имараттарды оңдоп-түзөө жана айлык акыны жогорулатуу аскер кызматкерлеринин жана күч түзүмдөрүнүн мамлекетке кызмат кылуу дараметинтолук кандуу ачууга негиз болуп саналат.

Жалал-Абад шаарын заманбап дүйнөлүк стандарттарга ылайык көрктөндүрүү жана анын натыйжасында Кыргызстандын бардык шаарлары үчүн көрктөндүрүүнүн жаңы стандартын түзүү чоң кызыгууну жаратат.

Түзүлүп жаткан көп сандаган ишканалардын ичинен жеңил жана жүк ташуучу унаалардыжыйноочу заводдун ачылышын өзгөчө белгилегим келет. 30 жылдан ашык убакыт мурдаКыргызстанда жүк ташуучу унааларды чогултуу токтоп калган. Эми бул салт жандандырылып, акыры карапайым кыргызстандыктар өзүнүн дилердик борборлору, кепилдиктери жана тетиктери бар унаа жыйноочу заводго ээ болот.

Оң жана терс жактарынын тизмесин (сын болушу керек) мындан ары да уласа болот. Бирок президент Садыр Жапаров өзүнүн ишмердүүлүгү жана практикалык иштери менен принципиалдуу жана ошол эле учурда прагматик саясатчы катары аброюн тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий