• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Исламабад шаарында ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Пакистандын Сенатынын төрагасы Садик Санжрани менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, тактап айтканда, өз ара иш сапарларды өткөрүүнү талкуулашты жана Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Пакистан Сенатынын ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Пакистан Сенатынын төрагасы С.Санжрани эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда түзүлгөн достук жана тыгыз байланыштарды белгилеп, кыргыз тарапка Эл аралык парламенттик союз жана Азия парламенттик ассамблеясы сыяктуу уюмдардын алкагында Пакистанды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү максатында Пакистан Сенатынын башчысы КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Мамытовду Пакистанга жакын арада сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Р.Казакбаев кыргыз тарап кыргыз-пакистан мамилелерин кызматташтыктын бардык багыттары боюнча бекемдөөгө кызыкдар экендигин баса белгилеп, ошондой эле пакистан тарабын Кыргызстанда акыркы убакта болгон саясий өзгөрүүлөр менен кыскача тааныштырды.

Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, тараптар Гвадар деңиз портун кыргыз продукциясын дүйнөлүк рынокко экспорттоо максатында пайдалануу, ошондой эле Пакистан продукциясын ЕАЭБ рыногуна жеткирүү үчүн Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду улантууга, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта өз ара колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле кыргыз-пакистан кызматташтыгынын бардык спектрин өнүктүрүү максатында активдүү өз ара аракеттенүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий