Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн жакынкы бир сааттын аралыгында жана кечинде катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды этият болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий