Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына караганда, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий