Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 11-июнда күндүн экинчи жарымында жана 12-13-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий