• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Түркияга жардам. ӨКМ аймактарда гумжардам кабыл алуу түйүндөрүн ачты

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймактарында гуманитардык жардам кабыл алуу түйүндөрүн ачты.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргызстан Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына кайрымдуулук жардамын жөнөтөт. Кыш мезгилинде үй-жайсыз калган түрк эли жардамга муктаж. Андыктан, жардамга кайдыгер карабаган Кыргызстандын жарандарынан жардам күтөбүз.

ӨКМден белгилешкендей, жабыр тарткандарга (чоңдор жана балдар үчүн) кышкы кийимдер, жаанда кийилүүчү күрмө, өтүк, колкап, ымыркайлар жана аялдар үчүн гигиеналык баштыктын топтому, наристелер үчүн кийим-кечек, тазалык каражаттары керек.

Мындан сырткары, медициналык каражаттар, чатыр, керебет, чатырга ылайыкталган матрацтар, жууркан, термос, кол чырак, портативдүү заряддагыч (повербанк) өтө зарыл.

Эскертүү, кийилген кийимдер жана тез бузулуучу азык-түлүктөр кабыл алынбайт.

Гуманитардык жардамдарды кабыл алуу түйүндөрүнүн дарегин ӨКМдин облустук башкармалыктарынан тактай аласыздар.

Сурап-билүү телефондору:

  • Бишкек – 0312 – 43-26-56;
  • Ош – +996 220 725 000, 0 770 758 080;
  • Баткен – 0772 020 203, 0 770 224 236, 0 776 858 555;
  • Ысык-Көл – 0 500 988 78, 0 552 000 987;
  • Нарын – 0559 112 112;
  • Жалал-Абад – 0559 777 788;
  • Талас – 0709 004 500.

Пикир

Оставить комментарий