• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сак болуңуз! Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшөт

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 14-апрелден 18-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 72-107-чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 165-177-чакырымдарында (Талдык ашуусу), 218-224-чакырымдарында (Тоң-Мурун ашуусу);
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 192-211-чакырымдарында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий