• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ырчы Нурбек Савитахунов баласынын дарылануусу үчүн элден жардам сурады

Коом 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Белгилүү ырчы, актер Нурбек Савитахуновдун баласы кымбат баалуу дарыланууга муктаж. Ырчы жалпы мекендештеринен жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм соцтармактагы баракчасында жарыялаган.

Баласынын аты Артур – акселерат (өз жаш курагы үчүн абдан акылдуу). 6 айлык кезинен тарта баштап үй жана жапайы жаныбарлардын аттарын билип, эки жашында санаганды үйрөнгөн. Бирок убакыттын өтүшү менен Артур көп ооруп, түндөсү уктабай, чакырсаң келбей жана агрессия пайда болгон. Дарыгерлер “Типтүү аутизм, көңүлдүн тартыштыгына байланыштуу гиперактивдүүлүк синдрому, психо-сүйлөөсүнүн кечигүүсү, глютен менен казеинди көтөрө албоо” диагнозун койгон.

“Практика балдар аутизмин 5-6 жашка чейин дарыласа эффект чоң болот экендигин көрсөтүп келет. Ушул жылдын март айларында Артур 4 жашка чыгат. Ошол себептен биздин бала үчүн ар бир мүнөт абдан маанилүү. Биздин ушул жылы максатыбыз – акыркы секирик жасап Артурдун саламаттыгын калыбына келтирүү. Ал үчүн 18 ай “Логомед прогноз” борборунда дарылануу керек”, - деп жазган артист.

Савитахунов белгилегендей, аларга 45 миң доллар керек болууда.

Пикир

Оставить комментарий