• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Саламаттык сактоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларга өзгөртүү киргизилди

Президент 0

Бишкек, 07.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын оптималдаштыруу, өркүндөтүү жана медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн көрсөтүүдө колдонуудагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жаңы, күчөтүлгөн жоопкерчиликти киргизүү максатында иштелип чыгып, кабыл алынган.

Тактап айтканда, мыйзамда төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

- КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана КР Кылмыш-жаза кодексинде мыйзамсыз иш-аракеттерде жана/же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары бузулганда, анын ичинде салттуу (элдик) медицина менен мыйзамсыз алектенгендиги жана дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, тамак-аш кошулмаларын мыйзамсыз өндүргөндүгү, даярдагандыгы жана/же саткандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү жана жогорулатылган санкцияларды кароочу ченемдер менен толуктоо;

- “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдые тиешелүү беренелеринде, анын ичинде лицензиаттын дарегин жана лицензияга медициналык иштин алкагында уруксат берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн, жол-жоболордун жана манипуляциялардын тизмесин лицензияга кошуу аркылуу лицензиялык ишти талаптагыдай контролдоону камсыз кылууга багытталган ченемдерди жана жоболорду киргизип, бекитүү.

Мындан тышкары, медициналык манипуляциялар, анын ичинде адамдын организмине таасир тийгизген жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) үчүн айып пулдун суммасын 500 миң сомдон 1 млн.сомго чейин жогорулатуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий