• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Саламаттык сактоо министри балдардын неврологиялык реабилитациялык борборуна барды

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Күн мурун саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Реацентр Бишкек" балдардын неврологиялык реабилитациялык борборуна барды.

Министрликтен билдиришкендей, борбор ар кандай неврологиялык оорулары бар, анын ичинде аутизм, сүйлөө жана психикалык өнүгүүсүнүн кечигиши, көңүл буруу жетишсиздиги жана гиперактивдүүлүк синдрому, церебралдык шал оорусу, Даун синдрому жана башка оорулары бар балдарды реабилитациялоого адистешкен.

Министр борбордун жайлуу жана жагымдуу атмосферасын, ишти уюштуруунун жогорку деңгээлин, медицина кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана инновациялык комплекстүү реабилитациялык жана абилитациялык программалардын, анын ичинде жогоруда аталган неврологиялык бузулуулары бар балдарды комплекстүү реабилитациялоодо эффективдүү метод экени далилденген «Микротоктуу рефлексотерапия» жаңы ыкмасын Кыргызстанда киргизилишин белгиледи.

Сапардын жүрүшүндө республикада реабилитациялык кызматты мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан маанилүү маселелер да талкууланды. Бул темалар Физиотерапевттер жана реабилитологдор ассоциациясы Кыргызстандын медициналык туризм ассоциациясы менен биргеликте өтө турган Физиотерапевттердин жана реабилитологдордун эл аралык форумунда негизги тема болуп калат. Форум 2024-жылдын 27-сентябрында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында өтөт жана алдыңкы окумуштуулардын, практик дарыгерлердин жана физиотерапия жана реабилитация тармагында иштеген компаниялардын өкүлдөрүнүн башын бириктирет.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдө физиотерапиялык жана реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын убада кылып, ден соолугунда көйгөйлөрү бар адамдардын, ошондой эле өзгөчө муктаждыгы бар балдардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн бул тармактын маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий