• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Аксыдагы өрттөнүп жаткан оорукананын имаратынан 134 бейтап эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Аксыдагы өрттөнүп жаткан оорукананын имаратынан 134 бейтап эвакуацияланды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти.

Жеринде облустук саламаттык сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулуулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок.

"Тийиштүү ич-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан төрт бөлүмдөн 134 бейтап эвакуацияланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий