• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бейшеналиев спортчулар менен Олимпиадага чейин дары-дармек сатып алуу көйгөйүн талкуулады

Спорт 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабировдун коштоосунда Кыз-келиндер күрөшү залына барды.

Ведомстводон билдиришкендей, аларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы чакырган.

Иш сапардын алкагында коноктор Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын алдыдагы мелдештерге даярдыгы менен таанышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Парижде боло турган жайкы Олимпиада оюндарына байланыштуу команданын алдында турган актуалдуу көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканына тынчсыздануусун билдиришти.

Каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармектерди сатып алуу боюнча тендер арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Бул квалификациялык курамды даярдоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат жана биздин спортчулардын олимпиадалык аренадагы ийгилигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтылган кооптонууларга жооп кылып, витаминдерди жана дары-дармектерди сатып алууну каржылоо Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жүрбөй турганын баса белгиледи.

Ал «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди тендердик жол-жоболорду өткөрбөстөн түз жеткирүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүндүк берүүчү министрлер кабинетинин буйругун даярдоону сунуштады.

Анын үстүнө керектүү дары-дармектердин 80%га жакыны “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынан жеткиликтүү. Министр сатып алууларды жөнөкөйлөтүү демилгеси депутаттар тарабынан колдоого алынып, жакынкы аралыкта ишке ашат деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий