Талас шаарында "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" форуму өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Талас шаарында Ички иштер министрлиги делмилгелеген "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" аталышындагы форум өткөрүлүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, форум КР министрлер кабинетинин "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча" кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөгө ашыруунун алкагында уюштурулду.

Форумга Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеӊештин депутаты Русланбек Жакышов, эмгек министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, Талас облусундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын, жергиликтүү өз алынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышууда.

Форумдун негизги максаты - укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын корголуу деңгээлин жогорулатуу, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, четтетүү болду. Форумдун жүрүшүндө "Коопсуз өлкө" - ИИМдин негизги стратегиялык багыты аталышындагы жана Талас ОИИБдин акыркы 3 жыл аралыгында жетишкендиктери тууралуу камтылган атайын видеоролик көрсөтүлдү.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, коопсуз өлкөнүн бекемделишине баарыбыз өз салымыбызды кошушуп, бирдикте жана ынтымакта кызматташууну күчөтүүбүз керек деп белгиледи.

Форумдун соңунда ИИО менен тыгыз иш алып барган бийлик өкүлдөрүнө жана ИИО кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылып, алдын алуу иштерин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий