• 87
  • 89.63
  • 0.85

Саламаттык сактоо министринин орун басары снаряддын жарылуусунан жабыркагандардан кабар алды

Ден соолук 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов Лейлек районунун Арка-2 айылындагы жарылуудан жабыркагандардан кабар алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, Каарманбек Байдавлетов снаряддын жарылуусунан жабыркаган эне менен кыздын абалы менен таанышып, жабыркаган үй-бүлөнүн атасы менен да жолугушту.

Министрдин орун басары жолугушууда дарыгерлер жабыркагандардын тез сакайып кетиши үчүн колдон келгендин баарын жасап жатканын баса белгиледи. Ал бейтаптардын абалы туруктуу, аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.

Медицина кызматкерлери бейтаптарга бардык зарыл медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий