• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги: Бычакталган аялга 8 саат операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Күйөөсүнөн бычак жеген аялга 8 саат операция жасалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда бейтаптын операциядан кийинки абалы орточо оордукта деп бааланууда.

Жабырлануучу реанимация бөлүмүнөн бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө которулган, медиктердин көзөмөлүндө болууда.

Эске сала кетсек, күн мурун милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Пикир

Оставить комментарий