Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев эмгек өргүүсүнө жөнөтүлгөн медицина кызматкерлерине айлык маянанын төлөнүшү тууралуу айтып берди.
"Өлкөдө коронавирустун жайылышынан улам өзгөчө кырдаал, андан соң өзгөчө абал киргизилди. Мындан улам бардык чарбачылык иштер токтотулду. Бирок саламаттык сактоо мекемелери кадимки тартип иштеп жатты. Ошол эле учурда тобокел тобуна кирген боюнда барлар, пенсионерлер, өнөкөт оорулары бар кызматкерлер үйүнө жөнөтүлүп, иштешкен жок. Ал кызматкерлерге эмгек акысын төлөө үчүн Эмгек кодексинин 170-беренесинин негизинде өкмөттүн 27-апрелдеги (2020-жыл) өзгөчө кырдаал шарттарында саламаттык сактоо кызматкерлерине айлык маяналарын төлөө маселе жөнүндө №148 буйругу чыккан", - деди ал.
Ал белгилегендей, өкмөттүн ал чечимин аткаруу үчүн 27-апрель күнү Саламаттык сактоо министрлигинин №263 буйругу чыгып, анда эмгек нормаларын (кызматтык милдеттерин) аткарбай калган медицина жана башка кызматкерлерине төмөнкү эмгек акылар каралган:
- кепилденген эмгек акысын негизги иш орду боюнча бир эмгек акы ченинен ашырбай төлөө;
- эмгекке катышуу коэффициенти жана индикатордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча төлөмдөр өкмөттүн 2011-жылдын 26-майындагы токтому менен бекитилген "КР саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө тууралуу" жобосунун негизинде төлөнсүн;
- чегерилген эмгек өргүүлөр жана убактылуу ишке жарамсыздык баракчалары боюнча төлөмдөр, ошондой эле эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн негиз чыккан учурларда башка төлөмдөр.
"Эмгек кодексинин 170-беренесин эске алганда, жумуш берүүчүгө жана жумушчуга көз каранды болбогон себептерге байланыштуу эмгек ченемин (кызматтык милдетин) аткарбай калган учурда жумушчуга тарифтик эмгек акы ченинин үчтөн эки бөлүгүнүн кем эмес өлчөмү сакталат. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгегин төлөө өкмөттүн 2011-жылдын 26-майындагы №246 токтому менен бекитилген "КР саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө тууралуу" жобосу менен жөнгө салынган. Ошондой эле эмгекке катышуу коэффициенти жана индикатордун негизинде ишин баалоонун жыйынтыгы боюнча каралган төлөмдөр өкмөттүн жогоруда аталган токтомуна ылайык төлөнөт. Анда эмгекке катышуу коэффициенти ар бир жумушчунун эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрү боюнча аныкталган деп айтылган. Саламаттык сактоо уюмунун жалпы ишмердик натыйжасына ар бир жумушчунун эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрү Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилет. Ар бир жумушчунун эмгектик салымын баалоонун сунушталган көрсөткүчтөрүнүн негизинде ар бир жумушчунун эмгектик салымын баалоо көрсөткүчтөрү иштелип чыгат. Өз кезегинде эмгекке катышуу коэффициенти – жалпы ишмердик жыйынтыгына ар бир жумушчунун эмгектик салымын жалпыланган сандык жана сапаттык баалоо болуп саналат. Бул жамааттык эмгекти төлөөдө колдонулат", - деди ал.
Ал белгилегендей, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында саламаттык сактоо системасындагы мамлекеттик кызматкерлерге эмгек акыны төлөө максатында өкмөттүн 27-апрелинде №147 буйругу чыккан.
"Анда аралыктан иштеген кызматкерлерге маянасы класстык чинине, иштеген жылдарына, илимий даражасына жараша жана бийик тоолуу алыскы айылдарда иштегени үчүн кошумча төлөмдөрдү кошуп берүү каралган. Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин 29-апрелдеги №273 буйругу чыккан: Өзгөчө абал (кырдаал, карантин жана согуштук аракеттер) шарттарында ишке тартылган жана кесиптик милдеттерин аткарган медицина кызматкерлерине жана башка кызматкерлерге өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн кенемте төлөө боюнча. 2-май күнү, жогоруда аталган кызматкерлерге өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн кенемте төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө өкмөттүн токтому чыкты", - деди ал.
Анын айтымында, ал документке ылайык COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине кенемте каралып, алар төмөнкүдөй белгиленген:
1. Инфекциялык оору менен ооруп калгандарга – 1000 (миң) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө КР өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен бекитилет.
2. Биринчи топтогу майып болгондорго – ээлеген кызматы боюнча 10 жылдык маяна; экинчи топтогу майып болгондорго – ээлеген кызматы боюнча 8 жылдык маяна; үчүнчү топтогу майып болгондорго – ээлеген кызматы боюнча 5 жылдык маяна;
3. жарадар болгондорго, жараат контузия алгандарга – ээлеген кызматы боюнча 10дон 20 эсеге чейинки маянасы өлчөмүндө бир жолку берилүү акчалай жөлөкпул төлөнөт.
4. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө – КР өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен аныктала турган 5000 (беш миң) кем эмес эсептик көрсөткүчтө кенемте төлөнөт.
"Жогоруда аталган кызматкерлерге толук көз каранды болгон же алар үчүн турукту жана негизги жалгыз тиричилик булагы болуп эсептелген үй-бүлө мүчөлөрүнө кызматкерлердин акыркы ээлеп турган кызматы боюнча 20 жылдык маянасы өлчөмүндө кенемте төлөнөт. Оору очокторунун аймактарында иштеген медицина кызматкерлерине дем берүү максатында эпидемия очокторунда жана ага теңдеш аймактарда инфекциялык ооруларды козгогучтарды жугузуу тобокелдигиндеги иштерде иштеген адамдарга кенемте төлөп берүү механизмдери иштелип чыкты", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий