• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыктын көзүнө бекер операция жасайт

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Кечээ, 25-июлда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Ду Дэвэнь Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында “Экспресс ден соолук” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

Элчи белгилегендей, бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка (Бишкекте 300, Ошто 300) катаракта илдетине бекер операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.

Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кытай тарап аталган медициналык мекемелердин базасында операцияларды жүргүзө турган медициналык адистердин эки тобун жөнөтөт. Мындан тышкары, офтальмология бөлүмү үчүн кароо кабинетин түзүүнү камсыз кылуу максатында Ош облустар аралык бириккен ооруканасы керектүү медициналык жабдууларды бекер алат.

Баатырова Кытай өкмөтүнө Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара колдоо жана түшүнүүчүлүктүн бекемделишине ишенимин баса белгиледи.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуусу көптөгөн жарандарыбызга пайда алып келээрин белгилешип, "Экспресс ден соолук" долбоорунун жана башка келечектеги демилгелердинийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий