Саламаттык сактоо министрлигине вакцина ташуучу адистештирилген унаалар тапшырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте вакцина ташуучу 16 адистештирилген унааны тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаалар Саламаттык сактоо министрлигине Вакциналар жана иммунизациялоо боюнча глобалдык альянс (ГАВИ) жана ЮНИСЕФ тарабынан Кыргызстанда эмдөөнү күчөтүү аракеттеринин алкагында берилди.

Унаалар көпчүлүк вакциналарды коопсуз ташуу үчүн зарыл болгон чоң муздаткыч камераларды алып жүрүү үчүн ылайктанган. Андан тышкары, вакциналарды күндүн тике тийген нурларынан коргоо үчүн терезелери атайын панелдер менен жабдылган.

"Адистештирилген унаалардын бизге берилүүсү саламаттык сактоо системабызды чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Бул унаалар биздин өлкөнүн эң алыскы аймактарына да вакциналарды жеткирүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет, бул эмдөө көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана жарандарыбыздын ден соолугун коргоо үчүн маанилүү. Кыргызстанда саламаттык сактоону жакшыртууга туруктуу колдоосу жана салымы үчүн ГАВИге жана ЮНИСЕФке терең ыраазычылык билдиребиз”, - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Машиналар вакциналарды облустук сактоочу жайлардан райондук кампаларга жеткирүүгө көмөктөшүп, алардын өз убагында элге жеткиликтүү болушун камсыздайт.

"Кызылча, кызамык же көк жөтөл сыяктуу коркунучтуу ооруларга каршы вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн атайын сактоо жана ташуу шарттары талап кылынат. Ошондуктан, бул инфраструктураны жакшыртуу Кыргызстандагы ар бир баланын өмүрүн сактап калуучу вакциналардын болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет", - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бружиоло.

Бул Саламаттык сактоо министрлиги ала турган 26 унаанын биринчи бөлүгү. Калган 10 унаа өлкөгө 2024-жылдын июль айынын аягына чейин келет.

Унаалардын жалпы баасы 1,26 млн долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий