• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус дүйнөнүн 117 өлкөсүндө катталды - Чолпонбаев

Ден соолук 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Коронавирус дүйнөнүн 117 өлкөсүндө катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Ал белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө 125 миң учур, анын ичинен 80 миң 981и Кытайда, калган 44 миңден ашык учур дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө катталган.

Оорудан 4 миң 613 адам каза болуп, анын 3 миң 173 учуру Кытайда, калганы башка мамлекеттерде болгон. 68 миңден ашык адам айыгып чыккан. "Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп тааныды. Бирок бул үчүн ызы-чуу болуунун кереги жок", - деди ал. Анын менен бирге ал коронавирус тараган өлкөлөр үч категорияга бөлүнгөнүн билдирди. "Биринчи категорияга кирген өлкөлөрдөн келгендер обсервацияга жаткырылат. Экинчи категориядагы өлкөдөн келген адамдар текшерүүдөн өткөрүлүп, үй обсервациясына алынат. Үчүнчү категориядагы жарандар да дарыгерлердин көзөмөлүндө болот", - деди ал.

Аны менен бирге ал Кыргызстанда коронавирус учуру катталбаганын жана эпидемиологиялык абал туруктуу экенин айтып өттү. Анын айтымында, учурда өлкөдө 303 киши обсервацияда көзөмөлдө жатат. Андан тышкары 181 жашаган жери боюнча көзөмөлдө турат.

Пикир

Оставить комментарий