• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Түркиялык адистер Кыргызстанда орган алмаштырууга көрүлүп жаткан даярдыкты баалашууда

Ден соолук 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Түркиялык адистер Кыргызстанда орган алмаштырууга көрүлүп жаткан даярдыкты баалашууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы клиникалардын боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын баалоо үчүн Бишкекке Инөнү университетинин ректору, академик Ахмет Кызылай баштаган түркиялык медициналык адистерден турган делегация келген.

Иш сапардын алкагында түрк делегациясы министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Улуттук хирургиялык борборго жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна клиникалардын органдарды трансплантациялоо операцияларын жасоого даярдыгы менен таанышуу үчүн барышты.

Улуттук хирургия борборунун даярдыгы менен таанышуу маалында түрк адистери операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, кошумча керектүү медициналык жабдуулар боюнча өз сунуштарын беришти. Сөөк чучугун трансплантациялоого даярдык боюнча айтсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмү бардык талаптарга толук жооп берет.

Министр Бейшеналиев Улуттук хирургиялык борбор боорду трансплантациялоо боюнча координациялык борбор, ал эми улуттук эне жана баланы коргоо борбору жилик чучугун трансплантациялоо боюнча координациялык борбор болоорун баса белгиледи.

"Органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо уюмдарында жогорку технологиялык дарылоону киргизүү өлкө президенти Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болуп, боорду трансплантациялоону ийгиликтүү баштоо үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алууга 2 млн доллар жана УХБнын операциялык жана реанимация бөлүмдөрүн оңдоо иштерине кошумча 20 млн сом бөлүнөт", - деп билдирди министр.

Түрк адистеринин иш сапары Кыргызстан менен Түркиянын медицина тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө жана аймактагы трансплантологияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий