Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринин 77,6%ы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тутумунда 3 миң 95 штаттык бирдик бар. Анын ичинен 117си бош (вакант). Азыркы учурда 2 миң 978 кызматкердин ичинен 77,6% эмдөөдөн өттү.
“Ошол эле учурда эпидкырдаалга байланыштуу, коронавирустук инфекция менен ооруган же жаңы сакайган жана ошол себептен эмдөөдөн өтпөй калган кызматкерлер бар экенин белгилейбиз. Кызматкерлердин ичинен 21и кош бойлуу жана 25 кызматкерге эмдөөгө каршы көрсөтмө менен вакцина алууга болбойт. Ошондой эле медициналык кызматкерлер арасында эмдөөдөн өткөндөр: 1 доза – 41 миң 300 (57,5%); 2 доза – 31 миң 622 адам (44%) алды”, - дейт министр.
Пикир
Оставить комментарий