• 86.8
  • 91.06
  • 0.82

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 6 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту дагы 6 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бир сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Нарын облусунда 3 жана Ош облусунда 1 медкызматкер коронавирус жуктурган.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 191 учур катталды", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 29-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ге жетти. Алардын ичинен 191и медицина кызматкери. Илдеттен 437 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий