Салкын көлмөсүнө чөгүп кеткен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.20. /Кабар/. Салкын көлмөсүнө чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 17-август күнү Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Чалдовар айылында Салкын көлмөсүнө 2006-жылы туулган кыз чөгүп кеткен.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, саат 12:30дө кыздын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий