• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

"Салттуу кол өнөрчүлүк жаатында маданий туристтик продукцияларды жаратуу” сынагынын жыйынтыгы чыкты

Коом 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин 2024-жылдын 15-октябрындагы №722 “Сынак уюштуруу жөнүндө” буйругу менен бекитилген “Салттуу кол өнөрчүлүк жаатында маданий туристтик продукцияларды жаратуу” сынагынын жыйынтыгы жарыяланды.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган сынак КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана ЮНЕСКО уюмунун (ИЧКАП) колдоосу менен түптөлгөн Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык маалыматтык-тармактык борбору менен биргеликте уюштурулду.

Белгиленгендей, демилге салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап дизайн жана рыноктун талаптары менен байланыштырган уникалдуу дизайндарды жана маданий туристтик өнүмдөрдү табууга жана өнүктүрүүгө багытталган.

“Идея” категориясындагы тандалмалардын тизмеси:

1. Баш байге (Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен) Сагынбекова Альгиза Рысбековна;

2. Мыкты идея үчүн сыйлык (ЮНЕСКО ИЧКАПтын башкы директорунун сыйлыгы) Алмакүчүков Кеңешбек Мукашевич;

3. Кызыктыруучу сыйлык Алмакүчүков Кеңешбек Мукашевич;

4. Кызыктыруучу сыйлык Асангулова Нуржамал Бектемировна;

5. Кызыктыруучу сыйлык Рязанова Анна Андреевна;

6. Кызыктыруучу сыйлык Исмаилова Мээрим Искендеровна;

7. Кызыктыруучу сыйлык Новицкая Эмилия Леонидовна;

8. Кызыктыруучу сыйлык Исмаилова Мээрим Искендеровна;

9. Кызыктыруучу сыйлык Исмаилова Айчурөк Акбаралиевна;

10. Кызыктыруучу сыйлык Максат Жыргалбек улуу;

11. Кызыктыруучу сыйлык Ишмухамедова Диёра Шаировна;

12. Кызыктыруучу сыйлык Акматбеков Максат;

“Даяр продукция” категориясындагы тандалмалардын тизмеси:

1. Баш байге (Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен) Кожогулова Салтанат Жолдубаевна;

2. Мыкты чеберчилик үчүн сыйлык (ЮНЕСКО ИЧКАПтын башкы директорунун сыйлыгы) Бейшенбаева Айдана Совхозбековна;

3. Кызыктыруучу сыйлык Чаланов Ишенбек;

4. Кызыктыруучу сыйлык Сатаров Саматбек Ырысбекович;

5. Кызыктыруучу сыйлык Базаркулова Муңайым Алмазовна;

6. Кызыктыруучу сыйлык Жумагул Ташиев;

7. Кызыктыруучу сыйлык Муканова Марипа;

8. Кызыктыруучу сыйлык Шейшембек кызы Насият;

9. Кызыктыруучу сыйлык Исмантаева Бурул;

10. Кызыктыруучу сыйлык Меңдигулова Баисбү Жолдошбековна;

11. Кызыктыруучу сыйлык Сатиев Түгөлбай Атакулович;

12. Кызыктыруучу сыйлык Атабаева Уулкан Сүйүнбаевна;

Эске салсак, сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын март айына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий