Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Салык кодексинде жеңилдиктер бар, бирок ага ылайык келген товарлардын тизмеси жок. Бул тууралуу “жашыл” технологияларды өндүрүүчү жана ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен консультативдик жолугушууда Экономика жана финансы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков билдирди.
Анын айтымында, ташуучулар энергетикалык натыйжалуу жабдууларды салык үчүн жеңилдетилген товарлардын тизмесине киргизүү маселесин иштеп чыгып, өкмөткө жөнөтүш керек.
“Азыр сиздерди салыктан бошоп калуу мүмкүнчүлүгү бар”, - деди ал ташуучуларга карап.
Пикир
Оставить комментарий