Салык кызматы 3 айда 8,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-март айларында 8 млрд 781,2 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 102,7%га аткарылды же 231,2 млн сомго көп жыйналды.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 750,3 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 109,3 %ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий