МСК: 5 айда 115,1 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын беш айында салык жана төлөмдөрдү 2019 жана 2020-жылдардын 12 айында чогултулган жалпы суммадан ашык көлөмдө чогултту.

Ведомстводон белгилешкендей, 2019-жылы 79 млрд сом, 2020-жылы 79 млрд сомдон ашык салык жана төлөмдөр чогултулса, 2024-жылдын беш айында 85 млрд сомдон ашык сумма чогултулган.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын январь-май айларында 115 млрд 106 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген план 4,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,2 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 85 млрд 007,1 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 282,5 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын беш айына салыштырмалуу 15,2 млрд сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 30 млрд 98,8 млн сомду түзүп, план 4,3 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,04 млрд сомго көп.

Бул цифралар экономиканын бардык тармактарын талдоого, салыктык башкарууну модернизациялоого, көмүскө бизнести кыскартууга багытталган бир катар иштердин оң натыйжалары экендигин күбөлөндүрөт. Натыйжада, бул иш-аракеттер пландын ашыгы менен аткарылышына өбөлгө түздү.

Ошондой эле контролдук-кассалык машиналар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар жана электрондук эсеп-фактуралар сыяктуу санариптик куралдарды киргизүү олуттуу салым кошту.

Пикир

Оставить комментарий