• 87
  • 91.29
  • 0.84

Салык кызматы 7 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголдук продукцияны жөнөтүү аракетине бөгөт коюлду.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул тиешелүү салыктарды төлөөдөн качууга алып келиши мүмкүн.

"Пшеничная" аталышындагы сыйымдуулугу 0,07 литрлик 7 миң 193 даана аракка 0,05 литр көлөмүнө берилген акциздик маркалар чапталганы аныкталган.

Продукция тартып алынып, бул факт боюнча материалдар КР мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органына өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда акциздик жыйым маркаларын берүү тартиби жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык акциздик продукцияны маркалоо акциздик маркаларды берүү жөнүндө салык кызматынын органынын чечиминде көрсөтүлгөн түрлөргө, аталыштарга жана сыйымдуулукка (алкоголдук ичимдиктер үчүн) ылайык келиши керек.

Ушул Жобонун талаптарына ылайыксыз маркаланган продукция маркаланбаган катары каралат.

Пикир

Оставить комментарий