• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматы 7 унаага жасалма документтерди тариздөө аракетин аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. Салык кызматы 7 унаага жасалма документтерди тариздөө аракетин аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Жол" өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунда өлкөнүн аймагына мурда алынып келген 7 унаага жасалма документтер менен коштомо кагазды тариздөө аракетине бөгөт коюлду.

Алсак, М.Т. аттуу жаран Беларуста каттоодон чыгарылган чет өлкөлүк үлгүдөгү унааларга карата документтерди андан ары ИИМге караштуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинен каттоодон өтүү үчүн ЕАЭБден импорттоодо толтурулуучу коштомо кагазды тариздөө максатында берген.

Бирок, унааларды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү карап чыгуу учурунда документтерди жасалмалоонун айкын белгилери аныкталган. Мындан тышкары, интернет тармагындагы маалыматтар базасы аркылуу VIN-коддорду текшерүүнүн жүрүшүндө маалыматтардын дал келбестиги белгиленген.

Бузуулардын материалдары Аламүдүн райондук милициясына мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий