• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мектеп окуучуларына жолдо коопсуз жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.01.23. /Кабар/. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери орто мектептердин окуучулары менен жолугуп, жолдо жүрүүдө өзүн коопсуз алып жүрүү багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучулар менен жолугушуу учурунда жаш өспүрүмдөргө үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кетчү аралыкта жөө жүргүнчүлөр үчүн орнотулган жол белгилерине баш ийүү, жол чырактан жана жөө өтмөктөн өтүүдө эки жакты карап, унаанын келүүсүнө көңүл буруу жана унаа каттоочу чоң жолдун ортосун эч убакта кесип өтпөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, өспүрүмдөр үчүн даярдалган видеороликтер көрсөтүлүп, жол эрежелерин сактоо жана жолдо өзүн-өзү коопсуз алып жүрүү багытында ачык сабактар өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, окуу жылы башталган күндөн тартып, ЖКККББнын кызматкерлери өлкө аймагындагы бардык орто мектептерге бекитилип, мектептин айланасында коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий