• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Салык кызматы алкоголдук продукциялардан 2,7 млрд сом акциз салыгын чогултту

Экономика 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын башынан бери алкоголдук продукциялардан 2 млрд 726,6 млн сом акциздик салык түшүүсүн камсыздаган.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 292,3 млн сомго көп.

Анын ичинде өлкөнүн аймагында өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 2 млрд 351 млн сом акциз салыгы жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу продукциялардын акциз салыгынан 374,6 млн сом түшкөн.

Түшүүлөрдүн көбөйүшү алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө салыктык контролду күчөтүү, ошондой эле кыйыр салыктарды башкарууну жакшыртуу менен байланышкан.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок же жасалма маркалар менен алкоголдук продукцияларды жүгүрткөндөр үчүн 65 миң сом айып пул, ал эми мындай продукцияларды 500 даанадан ашык жүгүрткөндөр үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Салык кызматы ишкерлерге акциздик продукцияларды акциздик маркаларсыз сатпоого, алардын аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий