• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Айыл чарбасын каржылоо - 10". Жыл башынан бери 2,2 млрд сом насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги "Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоору боюнча 2022-жылдын 14-апрелине карата берилген насыялар боюнча кыскача маалымат берди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 714 млн 307 миң сомго 1 миң 716 насыя берилди, банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 333 431,0 миң сомго 754 насыя;

– “РСК Банк” ААК 380 875 ,0 миң сомго 962 насыя.

2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1 млрд 460 млн 349 миң сомго 2 843 насыя берилди, банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 691322,0 миң сомго 1193 насыя;

– “РСК Банк” ААК 769027,0 миң сомго 1650 насыя.

3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 115 млн 160 миң сомго 52 насыя берилди, банктар боюнча алганда:

– “Айыл Банк” ААК 56060,0 миң сомго 33 насыя;

– “РСК Банк” ААК 59100,0 миң сомго 19 насыя.

Маалыматта белгиленгендей, жалпы үч категория боюнча 2 млрд 289 млн 816 миң сомго 4 миң 611 насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий