• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Салык кызматы: Бирдиктүү салык декларациясын 150 миңге жакын адам тапшырды

Экономика 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10-мартына карата 149 миң 611 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Анын ичинен 44 миң 474 юридикалык жак, 57 миң 607 жеке ишкер, 20 миң 258 жеке жак, 6016 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 21 миң 256 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр берүүгө милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;

- авто унаа, салык салынуусу кыймылсыз мүлк (үй, батир) жана жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;

- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий