Салык кызматы Бишкектеги базарлардын соодагерлери үчүн окутууларды өткөрөт

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бишкектеги базарлардын соодагерлери үчүн окутуулар өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мындай иш-чара патенттин негизинде соода ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруу боюнча маалыматтык өнөктүктүн алкагында өткөрүлөт.

Окутуу иш-чаралары борбор калаанын төмөнкү базарларында өткөрүлөт:

  • 24-июнда саат 10:30да - "Аламүдүн" базарында;
  • 24-июнда саат 15:00дө - "Мадина" базарында;
  • 25-июнда саат 10:00дө - "Азиз" базарында;
  • 25-июнда саат 14:00дө - "Кудайберген" базарында;
  • 26-июнда саат 10:00дө -"Сары-Өзөн" базарында;
  • 26-июнда саат 15:00дө - "Дордой-Дыйкан" базарында;
  • 27-июнда саат 10:30да - "Оберон" базарында;
  • 28-июнда саат 10:00дө - "Дордой" базарында, анын ичинде "Кербен", "Алкан базары", "Жунхай" жана "Де люкс" базарларында;
  • 29-июнда саат 10:30да - "Баткен Комфорт" базарында;
  • 29-июнда саат 15:00дө - Ош базарында.

Жолугушуунун жүрүшүндө Салык кызматынын адистери контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин" колдонуу боюнча окутууларды өткөрүшөт, ошондой эле ишкерлер салык салуу боюнча бардык актуалдуу суроолоруна жооп ала алышат.

Белгилей кетсек, ушундай эле окутуу иш-чаралары Ош жана Жалал-Абад шаарларынын базарларында жана кичи базарларында иштеген ишкерлер үчүн дагы өткөрүлүп жатат.

Салык кызматы бардык салык төлөөчүлөр үчүн өз ара аракеттенүүнү жана колдоо көрсөтүүнү ар тараптуу улантат.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер башка салык режимдерин – жалпы салык режимин жана бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашы керек.

Пикир

Оставить комментарий