• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Масленица майрамына арналган иш-чаралар өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Масленица майрамына арналган иш-чаралар өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, майрамдык иш-чаралар 15-марттан 17-мартка чейин созулат.

Алсак, 15-мартта №17 мектеп-гимназиясында, 16-мартта Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда, 17-мартта Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында, петербургдун «Морошка» чыгармачылык тобунун майрамдык концерттери болот.

Мындан тышкары, этнография боюнча лекциялар, декоративдик-прикладдык искусство боюнча мастер-класстар, ошондой эле шаардык спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, иш-чаралар Бишкек менен Санкт-Петербургдун ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Маалымат үчүн. Масленица – көптөгөн каада-салттары бар байыркы славяндардын майрамы, ал кылымдар бою бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Орозо алдындагы жумада белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий