• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкек шаарында өткөрмө уруксат кагаздары электрондук түрдө гана берилет. Кагаз түрүндө берүү токтотулду – комендант

Коом 0

Бишкек, 02. 04.20. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкек шаарында өткөрмө кагаздар электрондук түрдө гана берилет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүндөн тарта өткөрмөлөрдү кагаз түрүндө берүү токтотулду.

"Урматтуу жарандар, ишкерлер өткөрмө кагаздарды электрондук берүү тартиби менен 1312.tunduk.kg сайтынан тааныша аласыздар. Биринчи кезекте Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын жана башка мамлекеттик органдардын арыздары каралат. Андан кийин медициналык кызматка муктаж жарандарга, андан соң мэрия, жеке күзөт ишканаларына, авариялык кызматтарга уруксат кагаздары берилет. Андан кийин ишкерлерге берилет. Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, мындан мурда берилген өткөрмө кагаздар анын мөөнөтү аяктаганча иштей берет", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 116ге жетти. Алардын ичинен 5 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий