• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Салык кызматы ишкерлерди салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат

Экономика 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 10-октябрда камералдык текшерүүлөргө арналган пресс-конференцияда ишкерлердин сүйлөгөн сөзү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

КРнын мыйзамдарына ылайык, базардагы соода ишмердүүлүгүнүн бардык катышуучулары, анын ичинде жеткирүүчүлөр жана дүң сатуучулар салык салуунун колдонулган режимине карабастан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды тариздөөгө жана берүүгө милдеттүү.

Бул талаптар салык мамилелеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга жана базардын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган. ЭТТК жана ЭЭФ товарларды легалдаштыруу жана салык милдеттенмелерин туура эсепке алуу үчүн керек.

Учурда ишкерлер үчүн бизнести жеңилдетүү, экономикалык климатты жакшыртуу жана салык жүгүн азайтуу үчүн көптөгөн салык жеңилдиктери бар. Бирок, бул артыкчылыктарды колдонуу үчүн ЭТТКны жана ЭЭФти тариздөө боюнча талаптарды сактоо негизги шарт болуп саналат.

Товарларды жеткирүүдө ЭТТК жана ЭЭФти берүү боюнча милдеттенмелерди аткарбоо салык мыйзамдарын бузуу болуп саналат. Мындай учурларда сатып алуучулар текшерүүлөрдү жүргүзүү жана эреже бузууларды четтетүү үчүн салык органдарына токтоосуз билдирүүгө тийиш.

Карго компаниялары аркылуу товарларды импорттоодо товардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктаган негизги документ бажы декларациясы экендигин белгилей кетүү керек. Эгерде карго компания өзүнүн атына бажы жагынан жол-жоболоштурууну ишке ашырса, ал товардын менчик ээси болуп эсептелет жана аны ички базарда андан ары сатуу жоопкерчилигин алат. Карго компания ишкерлерге товарларды өткөрүп берүүдө сатылуучу продукцияга ЭТТК жана ЭЭФти тариздөөгө милдеттүү.

ЭТТК жана ЭЭФ камсыздоо чынжырындагы милдеттүү звено болуп саналат жана мындан аркы бардык операциялардын мыйзамдуулугун кепилдейт. Карго компания товарларды сатууда ишкерлерге бажыдан чыгаруу жол-жобосунун баасына карабастан ЭЭФти берүүгө милдеттүү.

Салык кызматы базарлардын өкүлдөрү, өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн түшүндүрүү жана окутуу иш-чараларын өткөрүү менен ишкерлер арасында салык сабаттуулугун жогорулатуунун үстүндө активдүү иштеп жатат. Бул жолугушуулардын алкагында ККМ, ЭТТК жана ЭЭФти колдонуу, ошондой эле "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин" колдонуу маселелери талкууланууда.

Ишкерлерге мыйзамдагы өзгөрүүлөргө көңүл буруп, салык милдеттенмелерин аткаруу сунушталат. Мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпойт, андыктан сатып алуунун мыйзамдуулугун тастыктоо жана мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн сатуучулардан тийиштүү документтерди талап кылуу маанилүү.

Салык кызматы ишкерлерге суроолор пайда болгондо өз убагында адистерден кеңеш сурап, мүмкүн болгон көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн салык мыйзамдарынын талаптарын так аткарууну жана жоопкерчиликтүү болууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий