Салык кызматы ККМ колдонуудан кимдер бошотуларын айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөргө ылайык акчалай эсептешүүлөрдү накталай эмес формада гана жүргүзгөн ишкердик субъекттер контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон иш жүргүзө алышат.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул жаңылык накталай эмес формада гана QR-төлөмдөр, POS-терминалдар, төлөм терминалдары, идентификацияланган электрондук капчыктар, уюлдук тиркемелер жана башка перифериялык түзүлүштөр колдонуу менен товарларды сатууда, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен эсептешүүлөрдү жүргүзүп жаткан ишкерлерге жайылтылат.

Бирок, накталай жана накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алган субъекттер мыйзамдын бул ченемин колдоно алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий