• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Салык кызматы КНС боюнча отчеттун формасын жаңылады

Экономика 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун формасын FORM STI-062 жаңылады.

Ведомствуодон билдиришкендей, эми жаңы формада Кыргызстандын аймагынан сырткары жеткирүүлөрдү чагылдыруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Санариптик кызматтарды андан ары өнүктүрүүнүн жана интеграциялоонун алкагында, салык органына КНС боюнча отчет берүү кызматы cabinet.salyk.kg сайтына Салык төлөөчүнүн кабинетинин жаңыртылган версиясына которулду.

Мындан сырткары, отчет берүү процессин жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүү үчүн sti.gov.kg сайтында жеткиликтүү болгон КНС боюнча отчетторду жана КНС эсеп-фактураларынын реестрлерин текшерүү кызматы (жардамчысы) жаңыртылды.

Салык органына отчет берүү үчүн салык төлөөчүлөр төмөнкү кадамдарды аткарышы керек:

– Салык төлөөчүнүн кабинетине кирип, "Отчетторду берүү" бөлүмүн тандоо;

– "Кошумча нарк салыгы" бөлүмүнө өтүп жана "Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту FORM STI-062" тандоо;

sti.gov.kg сайтындагы "Отчеттун формалары" бөлүмүндө жеткиликтүү болгон "062_7 - КНС боюнча отчет" жаңы формасын MS Excel форматында толтуруу;

– отчет берүү кызматынан салык органынын кодун тандап, файлды электрондук отчет менен жүктөп, "Сактоо" баскычын басуу;

– отчет сакталгандан кийин "Электрондук отчеттор журналында" жеткиликтүү болот, ал жерден аны тиешелүү баскычты басуу менен Салык кызматына жөнөтүүгө болот.

Белгилей кетсек, киргизилген жаңыртуулар салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын мындан ары жакшыртууга жана отчет берүү процессин оптималдаштырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий