• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

1-сентябрга карата электрондук эсеп-фактураны дээрлик 15 миң салык төлөөчү пайдаланды

Экономика 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Долбоор ишке киргизилгенден тартып 2021-жылдын 1-сентябрына карата электрондук эсеп-фактуранын маалыматтык системасында 14 миң 977 салык төлөөчү катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда 1 трлн 104 млрд 353 млн 84 миң сом суммасында 7 млн 742 миң 31 эсеп-фактура таризделген.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруунун алкагында бул компонентти киргизүү салыктык башкарууга оң таасирин берди. Алсак, 2021-жылдын 8 айында Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн продукцияга КНСтин 9 млрд 981,1 млн сом суммасындагы бюджетке түшүүсү камсыздалды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 3 млрд 683,5 млн сомго көп (өсүү ыргагы 158,5%).

Эске салсак, 2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөгөн жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчүлөр электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү тариздөөгө өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий