• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ички дүң продуктунун көлөмү жыл башынан бери 5,6% түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Кыргызстанда алдын ала баалоо боюнча 2019-жылдын январь-март айларында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү дээрлик 184 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинде өтүп жаткан маалымат жыйынында айтылды.

Комитеттин маалыматы боюнча, ИДП көлөмү өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 5,6%га өскөн.

“Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын 4 айында 161 млрд. сомдон ашык болуп, 1,5% өскөн.

Пикир

Оставить комментарий