• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

"Манас" аэропорту ШКУ конокторун тосуп алууга толугу менен даяр

Коом 0


Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн келе турган конокторду тосуп алууга толугу менен даяр. Бул тууралуу журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдун алкагында аэропорттун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Азыркы учурда аэропортто конокторду тосуп алуу боюнча акыркы даярдык көрүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, 13-14-июнь күндөрү Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында ШКУ саммити өтөт. Ага 11 өлкөнүн башчылары келет. Андан тышкары, Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити, Монголиянын башчысы Халтмаагийн Баттулга менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий