• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз жана тажик жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү 60 күнгө чейин узартылууда

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажик Республикасынын аймагында жана Тажик Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Баяндамачынын айтымында, бул макулдашуу эки коӊшу мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрүн, чет өлкөнүн аймактарында турууларына ыңгайлуу шарттарды түзөт. «Тажикстандын «Чет өлкөлүк жарандардын укуктук жобосу» мыйзамынын 5-беренесине ылайык, чет өлкөлүк жарандар мамлекет аймагына келүүдөн баштап 3 сутка ичинде колдонгон документин катташы абзел. Ошоной эле, белгилүү бир убакыттын ичинде Тажикстандын бажы аймагынан чыгып кетүүсү керек», - деди ал.

Ошондон улам, сунушталган макулдашуу менен Кыргызстандын жарандарынын Тажикстандын аймагында жана Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында эки тараптын компетенттүү органдарында 60 календардык күн ичинде каттоосуз жүрүү мүмкүндүгү каралган.

Депутат Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Тажикстандын канча жараны коӊшу өлкөнүн аймагында атайын уруксат алып иштеп жатканына жана канча кыргыз жараны тажик түрмөсүндө отурганына кызыкты. УКМК өкүлү азырынча мындай маалымат жок экенин билдирди. Ал эми тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев азыркы учурда Тажикстанда 36 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий