• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Салык кызматы кызыктыруучу акциянын жеңүүчүлөрүнө белектерди тапшырды

Коом 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Салык кызматы кызыктыруучу акциянын июнь айындагы жеңүүчүлөрүнө уюлдук телефондорду тапшырды.

Ведомстводон билдиришкендей, чектерди талап кылуу боюнча кызыктыруучу акциянын экинчи этабында 5 жеңүүчүнү аныкталган.

Ай сайын өтө турган акциянын шарттарына ылайык, катышуучулар өздөрүнүн Facebook же Instagram баракчаларына контролдук-кассалык чектердин жарандардын жашоосундагы мааниси тууралуу пост жайгаштыруусу керек.

Акцияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат Салык кызматынын Facebook жана Instagram расмий баракчаларынан алууга болот.

Акциянын кийинки катышуучулары да смартфондорду утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий