• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Салык кызматы өлкөнүн аймактарындагы окутуу иштерин улантууда

Экономика 0

Бишкек, 19.11.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1000ден ашык кызматкери үчүн семинарларды өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, салыкчылар башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте салык милдеттенмелерин жана жарандардын укуктарын түшүнүүсүн жакшыртууга багытталган семинарларды, тренингдерди жана консультацияларды өткөрүүдө.

Алсак, окутуу семинарлары Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош жана Баткен шаарларында болуп өттү, аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1100дөн ашык кызматкерлери катышты.

"Жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалы" темасындагы жолугушуулардын жүрүшүндө Салык кызматынын кызматкерлери катышуучуларга төмөнкүлөр боюнча маалымат беришти:

– акыркы жылдардагы салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүлөрү, салыктардын жана салыктык эмес төлөмдөрдүн түшүүсүнүн өсүү темпи, мамлекеттик бюджетте салыктардын түшүүсүнүн курамы жана 2024-жылга салыктардын түшүү булактарын пландаштыруу жөнүндө;

– Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндө КР мыйзамынын алкагында жергиликтүү бюджетти түзүү, ошондой эле салыктарды башкаруу жана салык салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө;

– Салык кызматынын санариптештирүү боюнча акыркы долбоорлору жөнүндө ("Салык төлөөчүнүн кабинетинин" мисалында: электрондук калькулятор, терминалдар аркылуу салыктарды төлөө ыкмалары, төлөм коду боюнча банктар ж.б.);

– жергиликтүү салыктарга салык салуу бөлүгүндө салык органдарынын жана жергиликтүү кеңештердин кызматкерлеринин ыйгарым укуктары жөнүндө.

Семинардын жүрүшүндө Салык кызматынын өкүлдөрү катышуучулардын бардык суроолоруна жооп беришти.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын салык маселелерине окутуу салык сабаттуулугун жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт, бул салык салуунун натыйжалуу системасын түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттердин финансылык туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий