• 87
  • 90.41
  • 0.84

Салык кызматы лотереянын 2-турун өткөрүү үчүн 151 млн сомго байгелерди сатып алат

Коом 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байге фонду үчүн товарларды сатып алууга кайрадан тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, пландалып жаткан сумма 151 млн сомду түзөт, катышуу үчүн билдирүү берүүнүн мөөнөтү 14-июлга чейин.

Ошентип, бул суммага төмөндөгүдөй байгелер сатып алынат: 37,1 мн сомго 20 электромобил, 80 млн сомго 1 миң премиум смартфон, 18,5 млн сомго 1 миң бюджеттик смартфон, 1,4 млн сомго 6 жолдомо, 2 млн сомго 40 даана стайлер, 12 млн сомго 300 ноутбук.

Пикир

Оставить комментарий