• 87
  • 90.41
  • 0.84

МСК салык төлөөчүлөргө мойнуна алган карыздар жөнүндө кабарлоонун аныктыгын текшерүүнү сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө мойнуна алган карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоонун аныктыгын текшерүүнү сунуштайт.

Кабарлоонун аныктыгын текшерүү үчүн телефондун камерасын документтин ылдый жагында жайгашкан QR-кодго алып келип, аны сканерлөө жетиштүү. Андан кийин документтин электрондук версиясына шилтеме пайда болот.

Мындан сырткары, салык органдары cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу салык карыздарынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө электрондук кабарлоолорду жөнөтө алышат Документ менен таанышуу үчүн "Кабарлама" модулунан "МСКнын кабарлоолору" бөлүмүн тандоо зарыл.

Эгерде салык төлөөчүнүн салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы болсо, карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоо анын макулдугусуз "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу жиберилет.

Электрондук кабарлоо жөнөтүлгөндөн кийин салык төлөөчү өзүнүн "Жеке салык кабинетине" киргендигине же кирбегендигине карабастан, ал жөнөтүлгөн учурдан тартып 5 календардык күн өткөндөн кийин тапшырылды деп эсептелет.

Кабарлоо салык төлөөчүгө төлөнүшү керек болгон мойнуна алган карызы тууралуу кабарлоочу расмий документ болуп саналат. Документте салык төлөөчү жөнүндө маалымат, салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын суммасы, ошондой эле милдеттенмени төлөө үчүн банктын реквизиттери, кабарлоону тастыктаган салык органынын аталышы жана тапшырылган күнү көрсөтүлөт.

Карызды ыктыярдуу түрдө төлөө үчүн кабарлоо жиберилген учурдан тартып 15 календардык күн берилет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө карызды төлөбөгөндүк же толук төлөнбөгөндүк карызды мажбурлап өндүрүүгө алып келет. Анын ичинде салык төлөөчүнүн банктык эсебинен каражаттарды талашсыз өндүрүп алуу, салыктык төлөм талабын коюу, чыгууну чектөө, соттук өндүрүп алуу жана башка алдын алуу чаралары көрүлөт.

Белгилей кетсек, электрондук кабарлоолор киргизилгенден бери салык органдары салык төлөөчүлөргө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында 258 миң кабарлоо жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий