• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Салык кызматында ишкерлер жана IT-компаниялар менен жолугушуу өттү

Экономика 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы базарлардын, кичи базарлардын жана эсеп системаларын иштеп чыгуучу IT-компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чара базарларда ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуу жана салык милдеттенмелерин аткарууну жөнөкөйлөтүү боюнча демилгелердин алкагында уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды тариздөө процесстерин оптималдаштыруу, электрондук документтерди жүгүртүүнү өркүндөтүү, ошондой эле ишкерлер үчүн убакытты жана финансылык чыгымдарды кыскартууга багытталган жаңы технологияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Ишкерлер салык милдеттенмелерин аткарууда пайда болгон актуалдуу көйгөйлөр менен бөлүшүштү, ал эми IT-компаниялардын өкүлдөрү эсепке алууну жана отчеттуулукту жеңилдетүү үчүн инновациялык чечимдерди сунушташты.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча эсеп системаларын иштеп чыгуучулар салык милдеттенмелерин аткаруунун натыйжалуулугун жана ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн конкреттүү IT-чечимдерди түзүүнү пландаштырууда.

Белгилей кетсек, Салык кызматы ишкерлер менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү жана салыктык башкаруу маселелери боюнча чечимдерди издөө үчүн ушундай жолугушууларды өткөрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий