• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Салык кызматынын башчысы жүк ташуучулар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов логистикалык компаниялардын өкүлдөрү менен салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана жеңилдик берүү маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда жүк ташуучулардын иши үчүн зарыл болгон электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана башка коштоочу документтерди колдонууну жөнөкөйлөтүү темалары козголду. Ошондой эле товарларды импорттоо маселеси талкууланды.

Алмамбет Шыкмаматов ташуучулардын сунуштарын угуп, ЭТТК жана ЭЭФ менен иштөөнү жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды ишке ашырууда бизнес тарабынан айтылган бардык маселелер эске алынарын белгиледи.

Анын айтымында, Салык кызматы салык системасын жакшыртуу жана экономикалык ишмердиктин бардык катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн ишкерлер менен ачык талкуулоого даяр.

Пикир

Оставить комментарий