• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

3-сентябрга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-августта 3-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 31-августта Ысык-Көл облусунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-сентябрда жана 2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-сентябрь күнү күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондордо жаан-чачын, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

4-5-сентябрда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Лейлек, Талас, Базар-Коргон, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн чыгуу коркунучу жогору, калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.

Кырчын капчыгайында күтүлгөн аба-ырайы

30-31-августтарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий